ИИМ: Кыргызстандан эксперттер Өзбекстандын борборунда ѳткѳн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты, Ташкентте «Эксперттик-кирминалистикалык ишмердик: кѳйгѳйлѳр, келечектер жана иннловациялар» темасында эл аралык илимий-практикалык конференция болуп ѳткѳн

Гибриддик форматта ѳткѳн иш-чарага жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын, ШОСко мүчѳ ѳлкѳлѳрдүн, ошондой эле Түркиянын, Түштүк Кореянын, Италиянын, Сауд Аравиясынын,ОАЭнин  эксперттери  катышты. Кыргыз Республкасынан КР ИИМ кирминалистикалык кызматынын ардагерлер кеңешинин тѳрагасы, милициянын запастагы полковниги Канат Иманалиев катышты.

Конференциянын жүрүршүндѳ соттук экспертизанын бүгүнкү абалына арналган баяндамалар берилди. Адистер мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда соттук-экспертизалык изилдѳѳлѳрдүн сапатынын кѳйгѳйлѳрүн, бүгүнкү  соттук эскперттик технологияларды ѳркүндѳтүүнүн жолдорун жана соттордун, сот процессинин катышуучуларынын жана эксперттик уюмдардын ѳз ара аракеттериндеги процессуалдык-укуктук жана уюштуруу маселелерин талкуулашты. Кѳз карандысыз экспертизанын потенциалын бекемдѳѳнүн маанилүү ролу баса белгиленди.

«Конференция биздин күч-аракеттерди бириктирүүгѳ жана кылмыштуулукка каршы биргелешип каршы туруу ишине кѳмѳктѳшѳт деген ишенимди билдирем. Мындай эл аралык конференцияларды ѳткѳрүү соттук-экспертиза системасын байма-бай ѳнүктүрүү үчүн сѳзсүз түрдѳ зор мааниге ээ. Иштиктүү байланыштарды кеңейтүү жана интенсификациялоо эксперттердин мамлекеттик жана мамлекеттик эместигине карабай, эксперттик уюмдардын ѳз ара аракеттеринин деңгээлин кѳтѳрүүгѳ кѳмѳктѳшѳрү талашсыз. Кѳптѳгѳн жолугушуулардын, конференциялардын, кеңешмелердин учурунда ѳнүгүүнүн концептуалдык, стратегиялык пландарына негизделген жакынкы келечекте биргелешкен аракеттердин артыкчылыктуу багыттары иштелип чыгат» – деп белгиледи Канат Иманалиев ѳзүнүн баяндамасында.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ криминалистикалык экспертиза жаатында эл аралык стандарттарды жана алдыңкы чет элдик тажрыйбаны киргизүү саяктуу багыттар боюнча, туура илимий жана техникалык негиздерге таянган далилдүү базаларды топтоо процессин ѳркүндѳтүү, криминалистик усулдарды жана каражаттарды колдонуу, санариптик экспертизаны кеңири пайдалануу сыяктуу багыттар боюнча маанилүү сунуштар жана сунаштамалар иштелип чыкты.

Күндүн экинчи жарымында конференциянын катышуучулары Өзбекстан Республикасынын ИИМ академиясында жолго коюлган соттук-эксперттик чѳйрѳсүндѳ пайдаланылып жаткан атайын техникалар жана жабдуулар, заманбап окутуу процесстери, окуу-лабораториялык кабинеттери менен таанышты.

Булак: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги