Минскиде «Соттук экспертиза: азыркы шарттагы теориясы жана практикасы» темасында III Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп ѳттү

26-апрелден 28-апрелде Беларусь Республикасынын соттук экспертиза мамлекеттик комитетинин базасында «Соттук экспертиза: азыркы шарттагы теориясы жана практикасы» темасында III Эл аралык илимий-практикалык конференция жана Мамлекеттик комитеттин түзүлгѳндүгүнүн 10 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп ѳттү.

Конференциянын ишине Россия Федерациясынын, Вьетнамдын, Кытайдын, Азербайджандын, Армениянын, Индиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын ѳкүлдѳрү катышты.

Кыргыз Республкасынан   милициянын запастагы полковниги, 2007-жылдан 2022-жылга чейин  Кыргызстандын ИИМ криминалисттик кызматынын начальниги кызмат ордун ээлеген, 30 жылдан ашык ИИБ экспертттик-криминалисттик бѳлүмдѳрүндѳ ийгиликтүү иштеп келген, КР ИИМ криминалисттик  кызматынын ардаглер кеңешинин тѳрагасы Канат Иманалиев катышты.

«Учурдан пайдаланып, Алексей Александровичти  жана бардык белорустук кесиптештерди Соттку экспертиза мамлекеттик комитетинин  түзүлгѳндүгүнүн он жылдыгы менен куттуктагым келет! Кызматтын ардагерлерине ѳзгѳчѳ ыраазычылык билдирем. Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакубат турмуш жана жигердүү ишиңиздерде андан аркы ийгиликтерди каалайм.

Мындай эл аралык конференцияларды ѳткѳрүү соттук-экспертиза системасын байма-бай ѳнүктүрүү үчүн сѳзсүз түрдѳ зор мааниге ээ. Иштиктүү байланыштарды кеңейтүү жана интенсификациялоо эксперттердин мамлекеттик жана мамлекеттик эместигине карабай, эксперттик уюмдардын ѳз ара аракеттеринин деңгээлин кѳтѳрүүгѳ кѳмѳктѳшѳрү талашсыз. Эки тараптуу  жолугушуулардын, конференциялардын, кеңешмелердин учурунда ѳнүгүүнүн концептуалдык, стратегиялык пландарына негизделген жакынкы келечекте биргелешкен аракеттердин артыкчылыктуу багыттары иштелип чыгат» – деп белгиледи Канат Иманалиев ѳзүнүн чыгып сүйлѳгѳн сѳзүндѳ.

Мындан тышкары Канат Иманалиев жыйындын катышуучуларына 2023-жылдын 16-17-мартында Бишкекте «Азыркы шарттагы соттук экспертизанын теориясынын жана практикасынын актуалдуу маселелери. Мамлекеттик эмес соттук экспертиза адилет соттун альтернативдүү ѳбѳлгѳсү» темасында биринчи эл аралык илимий-практикалык конференция ѳткѳрүлгѳндүгүн  маалымдады.

«КР ИИМ криминалистика кызматынын ардагерлер кеңешинин демилгеси менен уюштурулган конференцияга КР Парламентинин, Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, Президенттин алдындагы  стратегиялык изилдѳѳ улуттук институтунун, ИИМ, УКМК, Юстиция министрлигинин, ошондой эле Евразия чѳлкѳмүндѳгү мамлекеттик жана мамлекеттик эмес соттук экспертиза уюмдарынын, Армениянын, Беларусиянын, Грузиянын, Казакстандын, Молдованын,  Россиянын, Өзбекстандын ѳкүлдѳрү  катышты, Азербайджандан, Таджикистандан жана Туркменистандан ѳкүлдѳр келе алышкан жок. Ар кайсы ѳлкѳлѳрдүн 50дѳн ашык адистери иш-чаранын меймандары болушту. Конференциянын башкы жыйынтыгы – Евразия чѳлкѳмүнүн алкагында интеграциялык процесстерди ѳркүндѳтүүгѳ кѳмѳктѳшүүгѳ чакырылган Европа жана Азия ѳлкѳлѳрүнүн эл аралык соттук экспертиза ассоциациясын түзүү жѳнүндѳ чечим» – деп запастагы милициянын полковниги сѳзүн жыйынтыктады.

III эл арлык илимий-практикалык конференциянын жүрүѳшүндѳ, секциялык жыйыныджарында криминалистика, соттук мединцина тармалгында эмгектенген адистер, илимий кызматкерлер катышты. Эксперттер соттук-медицина, соттук-техникалык жана экспертизанын башка түрлѳрү чѳйрѳсүндѳ топтогон изилдѳѳлѳрдү уюштуруу жана ѳткѳрүү тажрыйбалары менен алмашышты.

Булак: КР ИИМ басма сѳз кызматы